Баткенде диний окуу жайларда билим күнү белгиленди

2023-жылдын 1-сентябрь күнү  Баткен  облусундагы диний окуу жайларда Билим  күнү белгиленди. 

Билим күнүнө арналган иш-чаранын алкагында “Мекенди сүйүү – ыймандан” жана “илим алуунун пайдасы” аттуу теманын негизинде ачык сабактар өтүлдү.  

Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов жана казыяттын  үгүт-насаат жана мечиттер адиси Сайдахмад ажы Аппазов  билим күнүнө карата Баткен шаарындагы “Муъаз ибн Жабал” медресесинин студенттери менен жолугушту. 

Жолугушууда Муса ажы Жолдошов окуу жайдын эмгек жамаатына ийгиликтерди каалап, жалпы студенттерге өз кесибинин мыкты адиси болушун каалап, студенттер менен илим алуу тууралуу маектешип, окуучуларды терең билим алууга үгүттөдү. 

«Азыр билим алууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Алланын элчиси (с.а.в.) мындай деген: «Илимди талап кылуу ар бир мусулманга парз. Чындыгында илим талап кылуучуга бардык нерсе, жадагалса деңиздеги балык дагы истигфар айтат (ал үчүн кечирим сурайт)», – деди казы орун басары.