Кызыл-Кыя хатибияты аз камсыз 50 окуучуга мектеп формасын жана окуу куралдарын тапшырды

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев муктаж болгон 50 окуучуга форма жана окуу куралдарын тапшырды. Баш имам-хатиб аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди тапшырып жатып, аларды мыкты билим алууга чакырды. Ошондой эле жаштар өлкөнүн келечеги экени белгилеп, патриоттуулукка үндөдү. 

Мындан сырткары саамалыкка колдоо көрсөткөндөргө ыраазчылык билдирип, “Баарыңыздардан Алла Таала ыраазы болгон болсун. Биз ар дайым ушундай жардамдарды көрсөтүп, кызмат кылууга даярбыз», – деп билдирди Ниймат ажы Топчиев.

Белгилей кетсек, баш имам-хатиб август айында аз камсыз мектеп окуучуларына жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук акциясын уюштурган.