Диний кызматкерлер Самаркандек айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү

Баткен казыятынын  үгүт-насаат жана мечиттер адиси Сайдахмад ажы  Аппазов, Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов иш сапары менен Баткен районунун Самаркандек  айылына барып, жергиликтүү эл менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында КР Президентинин №54 Жарлыгын ишке ашыруу жана ынтымак-ырашкерлик боюнча насааттар айтылды. Ошондой эле аймактар аралык бөлүнүп-жарылуу сыяктуу терс көрүнүштөрдү биримдик жолу менен гана биргелешип чечүү зарылдыгы белгиленди.