Үсөн ажы Мамасабиров Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланды

Баткен районунун Кыштут айылында көп жылдар бою имамдык кызматты үзүрлүү аркалаган, учурда ардактуу эс алуудагы диний ишмер Үсөн ажы Мамасабиров Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланды. 

Аталган сыйлык Баткен районунун акими Учкун Жоробаевдин буйругунун негизинде Үсөн ажынын Кыштут айылындагы мечиттин курулушуна кошкон салымы, ошондой эле айылдын руханий, социалдык жана экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.