Ысык-Көл районунун баш имам-хатибине “Айкөл” өзгөчө белгиси тапшырылды

Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев Ысык-Көл райондук райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан “Айкөл” өзгөчө белгиси менен сыйланды.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Динара Асалиева сыйлыкты тапшырып жатып: “Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүнө карата районубуздагы бир катар жарандарыбыз райондун социалдык, экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкондугу үчүн администрациянын атынан сыйланышты. Алардын катарында баш имам-хатибибиз Максат ажы райондун өзгөчө белгиси болгон “Айкөл” медалы менен сыйланып отурат. Администрация элибизди ыйманга, адептүүлүккө, илим-билимге умтулуусуна кошкон зор салымын баалап, ушундай чечимге келди. Сыйлыгыңыз кут болсун”, – деди.

“Биздин кылган иштерибизди баалап ушундай жогорку сыйлыкты берип жатканыңызга чоң рахмат. Жараткан элибизге тынчтык, ынтымакта өсүп-өнүгүүнү насип этип, эгемендигибизди түбөлүк кылып, аткарып жаткан иштерибизге акыретте көптөгөн соопторду, жакшылыктарды жазган болсун”, – деди райондун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев.