Достукта чек ара болбойт: Бек-Абад көзөмөл өткөрмө бекети ачылды

Кыргызстандын Сузак району жана Өзбекстандын Ханабад шаары менен чектешкен жердеги “Бек-Абад” көзөмөл өткөрмө бекети арадан он төрт жыл өткөн соң кайрадан ачылды. Анын ачылышы салтанаттуу түрдө белгиленип, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Өзбекстандын Андижан облусунун акими Шухратбек Абдурахманов жана Андижан облусунун казысы Мырзамахсуд ажы Алимов жана эки өлкөнүн дин кызматкерлери менен жергиликтүү тургундары катышты.

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков “Бек-Абад” өткөрмө бекетинин ачылышы эки өлкөнүн достук мамилесин дагы да бекемдей тургандыгын, өлкө башчыларынын дипломатиялык бул аракети достукта чек ара болбой тургандыгынын далили экендигин айтты.

Эске салсак, эки өлкөнүн чек арасында 15 өткөрмө бекет бар. Эми “Бек-Абад” чек ара өткөрмө бекетинен жеңил унаа каттамдары жана жөө жүргүнчүлөр ID паспорту менен өтүүгө болот.