Баткенде дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, көйгөйлүү маселелер талкууланды

Баткен казыятынын жыйындар залында район, шаарлардын баш имам-хатибдерине жана медресе мүдүрлөрүнө облус казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов баштаган казыят кызматкерлеринин жана Кыргыз Республикасынын ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсуповдун катышуусунда жыйын өтүп, анда бир катар диний көйгөйлөр талкууланды. 

Жыйында Кыргыз Республикасынын ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсуповдун кайрылуу катына ылайык, төмөнкү негизги маселелер каралды. 

  1. Диний окуу жайдын, мечит жана медреселердин документтерин мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча иш алып баруу жана толук бүткөрүү;
  2. Мечит-медресенин өрт коопсуздугу жана санитардык жагын көзөмөлдөө;
  3. Диний окуу жайдагы китепканаларды иретке келтирүү;
  4. Медресе мугалимдеринин жана студенттердин кабыл алуу боюнча  документтерин толук  болуусун көзөмөлдөө;
  5. Мугалим жана окуучулардын формасына көңүл буруу. 

Облус казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов бул тапшырмаларды аткарууда  активдүү иш алып барууну айтуу менен төмөнкүлөргө токтолду. 

“Ислам тазалыктын дини, андыктан  биз мечит-медреселерди таза кармап, коопсуздугуна көнүл буруубуз зарыл”, – деди облус казысынын орун басары. 

Ошондой эле жыйын жүрүшүндө катышуучулардын ар биринин сунуш-пикирлери эске алынып, жыйын жыйынтыгында канаттандырган чечимдер кабыл алынды.

Ал эми чечимдин аткарылышын көзөмөлдөп туруу жана тапшырманы аткарбаган кызматкерлердин жоопкерчилигин карап чыгуу боюнча казыят тиешелүү иштерди алып барарын эскертти.