“Мусталый уулу Нуркожо ажы” атындагы ислам маданий борборуна мүдүр дайындалды

Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин буйругу менен президент Садыр Жапаровдун атасынын ысымы ыйгарылган “Мусталый уулу Нуркожо ажы” атындагы ислам маданий борборуна Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков мүдүр болуп дайындалды. Буйрукту Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев тааныштырды.

Эске салсак, ушул жылдын 29-август күнү Жалал-Абаддаүч кабаттан турган ислам маданий борбору салттанаттуу түрдө ачылып, ага өлкө башчысы Садыр Жапаров өзү катышкан.