Мекенди сүйүү ыймандан: Аскер бөлүктөрү менен тыгыз кызматташуу жанданууда

КМДБнын Даават (үгүт-насаат), жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмү аскердик бөлүктөр менен жакындан иштешип, жоокерлерге Мекенди сүйүү жана коргоонун пазилеттери, исламда сергек жашоо, эл-журтка ак кызмат кылуунун артыкчылыктары, суициддин кесепеттери жөнүндө маалыматтарды бөлүшүүдө.

Анын алкагында КМДБ кызматкери Мурзакул кары Осмонов Бишкек шаары жана Чүй облусунун Токмок жана Кант шаарларында жайгашкан жалпы 8 аскер бөлүгүнө барып, “Исламда мекенчилдик” темасында лекция окуду.

“Биз таттуу уйкуда жатканда жоокерлерибиз чырым этпей биздин амандыгыбызды коргоп, эл четинде турат. Алар бизди кандай ойлосо, биз да аларга кам көрүп, дух берип, көңүлүн көтөрүп, руханий жактан колдоо көрсөтөлү дедик. Ушул себептүү жоокерлерибизге динибиздин асыл баалуулуктарын айтуу менен бирге аларга дем берүүдөбүз. Буюрса бөлүмүбүз менен дагы көптөгөн аскер бөлүктөрүнө барып, эл сакчылары менен жылуу жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатабыз”, – деп билдирди Мурзакул кары.