Борбордук текшерүү комиссиясынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлдөрү дайындалды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын жобосунун негизинде Тургунбек Керимкулов жана Тайиржан ажы Абдукаримов БТКнын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка КМДБнын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бактыбек ажы Нурдинов кол койгон. Буйрукту Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев тааныштырды.  

Эске салсак, Тургунбек Керимкулов бир катар мамлекеттик кызматтарда эмгектенип, акыркы жети жылда Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл округунда айыл башчы болуп иштеген. Ал эми Тайиржан ажы Абдукаримов Ноокен районунда Этностор аралык коомдук кабылдаманын төрагасы, КР Президентине караштуу коррупцияга каршы күрөшүү кызматында ишкерлер кеңешинин Ноокен району боюнча өкүлү, Ноокен районундагы Масы айылдык кеңешинде төраганын орун басары кызматтарында эмгектенген.