Жалал-Абад облусунун казысы “Эверест” окуу-тарбиялык мекемесин зыярат кылды

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарында жаңы курулган “Эверест” окуу-тарбиялык мекемесинен кабар алды.  

Казы жалпы окутуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, өлкөнүн келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин, жаштарга татыктуу билим берүүдө окутуучулардын ордун баса белгиледи. Аны менен катар Жалал-Абад облустук казыяты жаштарга адеп-ахлак боюнча сабактарды уюштурууда кызматташууга даяр экенин айтты.

Нематулла ажы аталган окуу-тарбиялык мекемесинин педагогикалык жамаатына жана жалпы кызматкерлерге, анда билим алып жаткан жаштарга ийгиликтерди каалап, ак батасын берди. Ал эми окуу-тарбиялык мекемесинин директору Таттыбү Жумукова казыга жана жалпы казыят жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, “Эверест” окуу-тарбиялык мекемеси 2019-жылы Жалал-Абад шаарында алгачкы мектебин ачкан. Суроо-талаптын көптүгүнөн быйыл калаада экинчи мектебин ишке киргизди. Учурда аталган мектепте жалпысынан миңге жакын окуучуга 4 тилде окутуу жүргүзүлөт. Аталган мекеменин базасында мектепке чейинки балдар үчүн бала бакча да иштейт. Сөз болуп жаткан мектеп 2023-2024-окуу жылына 225 окуучуну биринчи класска кабыл алган.