Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында баш имам-хатибдерге жыйын болуп өттү

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жыйындар залында облустун ички иштер органдарынын кызматкерлери жана Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков баштаган облустагы баш имам-хатибдер катышкан тегерек стол өтүп, анда Чүй облусунун аймагында жайгашкан каттоодон өтө элек мечит, медреселер сыяктуу маселелер каралды.

Тегерек столго Чүй ОИИББнын башчысы, милициянын полковниги Дамир Исаков, анын орун басары, милициянын полковниги Искен Базаркулов,  ДИМКнын Чүй облусу боюнча өкүлү Замир Өмүрзак уулу жана укук коргоо органдары катышты.

“Азыркы кезде динге, диний башкармалыкка жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Бул да болсо бизге Алла Тааланын бергени. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып каттоодон өтө элек мечиттерди каттоодон өткөрүп алалы. Мечиттер бул жер бетиндеги эң ыйык жер. Мечиттерден ыймандуулук, ыйбалуулук,  жакшылык тарайт. Ушундай ыйык жерди жакшы жана таза кылып кароо биздин милдет. Алла Таала элибиз үчүн, динибиз үчүн кылып жаткан иштерибизге ийгилик берсин. Сиздердин кылган кызматыңыздар эч качан жерде калбайт, ар бир учурда бааланат”, – деп белгиледи облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.