Караколдо имамдардын чогулушу өтүп, дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү талкууланды

Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын баш-имам хатиби Талант ажы Сабриков “Ибрахим ажы” атындагы борбордук мечитте шаар имамдарына жыйын өткөрдү. Жыйында баш имам-хатиб мечиттердин тазалыгы, имамдардын ишмердүүлүгү жана башка бир катар маселелер тууралуу талкуу уюштурду.

“Урматтуу имамдар, мечиттерибизди таза, тыкан  кармап жана мечиттин кириш-чыгыш финансыларына так  бололу. Жаңы окуу жылы башталды, окуу жайлар, мектептер менен мамиле түзүп, окуучулардын диний маалыматын, адебин жакшыртууда жана илим-билимге умтулуусуна көмөктөшө турган лекцияларды уюштургула. Анткени балдар – биздин келечегибиз. Алар илимдүү, ыймандуу, адептүү болуп жетилүүлөрү зарыл”, – деди Каракол шаарынын баш имам-хатиби Талант Сабриков.