ААЛЫМДАРДЫ КЫЖААЛАТ КЫЛБАГЫЛА!

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен.

Ассаламу алейкум урматтуу РФ жергесинде жашап, иштеп жаткан мекендештерим! Ардактуу мусулман бир туугандарым!  

Соңку кездерде Россия жергесинде иштеген мекендештерибиздин чакыруусу менен Москва, Санкт-Петербург сыяктуу РФнын ири шаарларына кыргызстандык дин аалымдары байма-бай каттап, диний үгүт-насаат жана агартуу иштерин жүргүзүп келет. Албетте, бул көңүл жубатарлык, жүрөк жылытарлык көрүнүш. Чет жерде болгонуна карабай, өз динине ынтызарлык менен мамиле жасап, кыргыз аалымдарын чакырып турган диндеш, дилдеш, кандаш, жандаштарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Алардын аракети менен көптөгөн эмгек мигранттары диний муктаждыгын канааттандырып, туура нуктагы маалымат алып, ыйманга жана адепке сугарылып келет. Ушул сыяктуу көптөгөн артыкчылыктарды эске алган диний башкармалыгыбыз аалымдар сапарларынын уюштурулушун кызуу колдойт жана тилектештик билдирет.

Тилекке каршы, жүрөк кубанган ушул саамалыктан да негатив издеп, чагым жасап, “аалымдар акча жасап жатат” деген туура эмес кеп-сөздөр айтылууда. Айрыкча соңку учурларда ушул сыяктуу билдирүүлөр биздин дарекке көп келип түшүүдө. Жарандардан түшкөн сунуштарды эске алып, жетекчилик менен биргеликте төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алдык.

1. РФ аймагындагы өтчү аалымдар менен жолугушууларды максималдуу түрдө мечиттерде өткөрүү. Анткени мечиттер Алланын үйү эсептелип, куттуу ыйман ордосу болуп саналат. “Алланын үйүндө” Алланын динин жеткирүү нур үстүнө нур эмеспи. Экинчи жагынан, диний жолугушууларды мечиттерде өткөрүү артыкбаш материалдык чыгымдарды талап кылбайт.

2. Эгерде мечиттерде жолугушуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жок болуп, атайын залдар арендага алынган учурларда ошол жайдын аренда акысына ылайык гана чыгым кылуу. Ошондой эле аалымдардын келген-кеткен сапар чыгымдарын (авиабилет) гана камсыздоо. Андан артык ыксыз чыгымга, ысырапка жол бербөө. Бул пункт уюштуруучуларга тиешелүү.

3. Бул чечимдерден максат; ар кандай такталбаган маалыматтардын алдын алуу, “молдолор динден коммерциялык пайда көрүп жатат” деген негизсиз, жалаалуу ушактарды токтотуу, чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибизди артыкбаш убайымга салбоо, ысырапка жол койбоо. Ошондой эле мекендештерибиз менен аалымдардын жолугушууларын жеңилдетүү жана оптималдаштыруу сыяктуу хикмат-даанышмандыктар бар.

Урматтуу РФ аймагында, өзгөчө РФнын Европа бөлүгүндө жашап иштеген мекендештер! Кадырлуу мусулман бир туугандар!

Жогорку чечимдерибизди туура түшүнөсүздөр деп үмүт кылабыз. Сиздер Мекенден, эл-журттан алыс жакта эмгектенип жүрөсүздөр. Ар дайым биздин дубабыздасыздар. Тез арада Ала-Тообузга кайтып, жакындарыңыздардын курчоосунда жаркын өмүр кечирүүңүздөрдү насип кылсын. Ага чейин Аллага аманатсыздар!

Урматтоо жана дуба менен,

РФнын Европа бөлүгү боюнча КМДБнын расмий өкүлү,

Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев