Балыкчы шаарында эмдөө маселеси боюнча талкуу өттү

Балыкчы шаарында калаа мэри Азамат Арнабек уулу, баш имам-хатиб Чойбек ажы Исакунов, прокуратура кызматкерлери, мектеп мугалимдери, санэпидемстанциянын кызматкерлери, иммунолог дарыгерлер жана эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин катышуусунда жыйын уюштурулду.

Жыйындын жүрүшүндө эмдөөнүн пайдалары жана вакциналар заводдон чыккан убактан баштап дарыгердин колуна тийгенге чейинки процестер кандай ишке ашырылары айтылды. Андан сырткары эмдөөдөн өтпөгөн балдарды мектепке, балабакчага киргизүүдөгү көйгөйлөр талкууланды.

“Азыркы учурда эмдөө албаган балдарды мектепке, бала бакчаларга албай коюу же киргизбей коюу канчалык мыйзамдуу? Же болбосо чын эле киргизбеш керекпи деген суроолор берилди. Талаштан тактык жаралат демекчи, жыйындын акырында мыйзамда эмдөөдөн өтүү же баш тартуу ар бир жарандын укугу экендиги айтылды. Демек, эмдөөдөн өтпөгөн балдар эч тоскоолдугу жок эле бала бакча, мектептерге алынары белгиленди”, – деди Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов.