Талас облустук казыятынын башкы имараты салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга берилди

Кечээ, 10-сентябрь күнү Талас облусунда облустук казыяттын башкы кеңсесинин ачылыш аземи болуп өттү. Саамалыкка КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев баштаган облустук жана шаардык бийлик өкүлдөрү, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган КМДБ кызматкерлери, АК мүчөлөрү, облус казылары, дин аалымдары, диний ишмерлер жана облус тургундары катышты.

“Эки жыл мурда казылыкка дайындалган Сулумбек казы колдон келишинче жакшы иштеп жатат. Демөөрчүлөрдү уюштуруп, ушундай заңгыраган диний идаранын ачылышын өткөрүп олтурат. Жаңы курулган диний объект Талас элине, жалпы эле өлкө мусулмандарына куттуу болсун. Ушул жерде жакшы иштер жүзөгө ашсын, ушул жерде ислам шариятынын негизиндеги фатвалар ишке ашсын, ушул жерде жалпы момундар үчүн кайырлуу чечимдер кабыл алынып, динибизге жана эл-журтубузга пайдалуу иштер жасалсын”, – деп билдирди Азирети Муфтий өз куттуктоосунда.   

Белгилей кетсек, Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын жаңы имаратына Марс Үркүнбаев жер тилкесин берсе, имараттын курулушуна жеке ишкер Ринат Солтонов башында турган демөөрчүлөр салымын кошкон.