Самидин кары Атабаев Орусиядагы мекендештер менен жолугушту

Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев Москва шаарындагы мекендештер менен жолугушту. Мекендештер менен жолугушуунун жүрүшүндө ынтымакты сактоо, ата-энени урматтоо, үй-бүлө баалуулуктарын сактоо, ыйык Куран керемети, адам тарбиясы темаларында баяндамаларды жасады.

“Менин бир туугандарым! Үй-бүлөнү камсыздайм, багам, балдарды татыктуу окутам, ата-энемди эч нерседен кем кылбай карайм деп келгенсиздер. Эми бул жердин мыйзамдарын так сактап, бийик адеп-ахлакты көрсөтүңүздөр. Салтыбызды, маданиятыбызды, тилибизди, динибизди бекем кармоо менен кыргыз элин үлгү кылып көрсөтөлү! Терс диний агымдардын азгырыгынан оолак болуңуздар. Буюрса Дин Башкармалыгы мындан ары сиздер менен тыгыз иш алып барат”, – деди Самидин кары Атабаев.

Ал эми дин аалымы Садыбакас ажы Доолов адеп-ахлак, улууларды сыйлоо, бир туугандар ортосундагы мамилени бекемдөө туурасындагы насааттарын айтып, Мекенинен алыс жүргөн жарандарыбызга ыраазычылык билдирди.