Азирети Муфтийдин биринчи орун басарынын Москвадагы мекендештер менен жолугушуудагы сөзү

«Менин Россия Федерациясындагы бир туугандарым! Үй-бүлөнү камсыздайм, балдарды татыктуу окутам, ата-энемди эч нерседен кем кылбай карайм деп келгенсиздер. Эми бул жердин мыйзамдарын так сактап, бийик адеп-ахлакты көрсөтүңүздөр. Ушул жерден күн-түн дебей иштеп тапкан мээнетиниздерди ысырап кылбай, максаттуу пайдаланууга чакырам. Мүмкүнчүлүк болсо билим алып, китеп окуп, арам нерселерден оолак болуңуздар. Ысырап болгон жерде береке болбойт. Муну менен катар айрымдарыңыздар өмүрлүк жарыңыздарды таштап келгенсиздер. Эми байланышты бекемдеп, дайыма кабар алып туруңуздар! Үй-бүлө – аманат. Аманатка кыянаттык кылбаңыздар. Зынаадан алыс болуп, шайтандын тузагына түшпөңүздөр. Балдарга колдон келсе бат-баттан барып, дайыма кабар алып туруңуздар. Балдар ата-энесинин мээримине муктаж. Аларды томсортуп койбоңуздар!

Дайыма салтыбызды, маданиятыбызды, тилибизди, динибизди бекем кармоо менен кыргыз элин үлгү кылып көрсөтөлү! Терс диний агымдардын азгырыгынан оолак болуңуздар. Буюрса Дин Башкармалыгы сиздер менен тыгыз иш алып барат».

РФнын Европа бөлүгү боюнча КМДБнын өкүлү, Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев