Самидин кары Атабаев Москва шаарында такси кызматын аркалаган мекендештерибиз менен жолугушуу өткөрдү

Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев Москва шаарында такси кызматын аркалаган мекендештер менен жолугушуп, ыйман, адеп-ахлак, аманатка бекем болуу, үй-бүлө баалуулуктары, Мекенди сүйүү темаларында баяндама жасады. Муну менен катар адал эмгектенүү, зынаадан оолак болуу, эрежелерди сактоо жана адамдын жанына кыянаттык кылбоо боюнча насааттарын айтты.

«Жараткан Алла Таала адал эмгек кылып, аманатка бекем болгондорду жакшы көрөт. Бөлөк элде жүргөн соң, ал жердин мыйзамдарын, жол эрежесин так сактаңыздар. Кадыр-барк акчада эмес, бекем ыйман, тунук адеп-ахлакта. Сиздер такси кызматын аркалаган соң аманатка бекем болуп, кыргыз элин үлгү кылып көрсөтүңүздөр. Дайыма ынтымакты бекем сактап, бири-бирибизге ар тараптуу жардам көрсөтөлү», – деди РФнын Европа бөлүгү боюнча КМДБнын өкүлү, Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев.