Самидин кары Атабаев Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары, Москва Ислам Университетинин ректору Мухетдинов Дамир Ваисович менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда тараптар Россия Федерациясында иштеп, окуп жаткан кыргызстандыктарга диний кызмат көрсөтүүдө биргеликте иш алып баруу, диний башкармалыктар ортосундагы тажрыйба алмашууну бекемдөө жана достук мамилелерди мындан ары да жакшыртуу жаатында пикир алышты.