Москва Ислам институту Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен кызматташууну өнүктүрүүдө

Кечээ, 11-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев жетектеген делегация Москва Ислам институтун зыярат кылды.

Конокторго оңдоодон өткөн университет комплексине экскурсия уюштурулуп, институттун ишмердүүлүгү, окуу жайдын тарыхы жана окутуу программасы тааныштырылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө МИУ менен КМДБнын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө байланышкан маселелер жана мүмкүнчүлүктөр талкууланды. Кызматташуу багыттарынын катарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын сунушу менен Эл аралык тышкы иштер институтунда студент окутуу, диний адабияттарды биргелешип чыгаруу, биргелешкен эл аралык конференцияларды өткөрүү, квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү жана башка көптөгөн багыттар бар.

Булак: МИИ | Московский исламский институт