Жалал-Абадда Иорданиядан байгелүү кайткан балбандарды тосуп алышты

Иордания мамлекетинин Амман шаарында жаштар арасында спорттун грек-рим күрөшү боюнча өткөн дүйнө биринчилигинде Жалал-Абад шаарынан барган жаш балбандар байгелүү орундарды багындырышты. Алсак,  87 кг салмакта Асан Жанышов коло медалга, ал эми 77 кг салмакта Эрлан Марс уулу 5-орунга ээ болду. Ийгилик жараткан спортчуларды жергиликтүү бийлик, айылдаштары, тууган-уругу чогулуп, балбандардын туулуп өскөн айылы Тайгараев айылында салттанаттуу түрдө тосуп алышты.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын орун басары Алибек ажы Батыралиев, ата-энелер жана күйөрмандары катышты.

Батыралиев балбандарга, аларды тарбиялап өстүргөн ата-энелерине, окуткан эже-агайларына, машыктыруучуларына ыраазычылык сөзүн айтып, балбанды куттуктады. 

Эске салсак, Р. Санатбаев атындагы спорт мектебинин тарбиялануучусу Асан Жанышов ушул эле жылдын июнь айында Бишкек шаарында өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында 82 кг салмакта күч сынашып, 1-орунду багындырган болчу.

Учурда жаш балбандарды КРнын эмгек сиңирген машыктыруучсу Шадыбек Сулайманов, Чыңгыз Пиримкулов машыктырып келет.