Бакыт ажы Кайкиев: “Динибизде адамдардын дарылануусуна тыюу салынган эмес”

2023-жылдын 12- сентябрында Түп райондук администрациясында райондук саламаттыкты сактоо тармагынын координациялык кеңешмесинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынга район акиминин орун басары Эрмекан Дүйшеева, райондук баш имам-хатиб Бакыт ажы Кайкиев, айыл өкмөттөрдүн башчылары, айылдардагы ФАПтардын дарыгерлери катышты. Бул жолку отурумда жугуштуу оорулардын алдын алуу жаатындагы профилактикалык иштер тууралуу жана ошондой эле балдарды эмдөө боюнча айтылды.

“Бүгүнкү жыйын жемиштүү болуп, максатына жетет деп ойлойбуз. Себеби, жүрөктү өйгөн көптөгөн суроолорго жооп ала алдык. Негизи динибизде адамдардын дарылануусуна тыюу салынган эмес. Эмдөөнү дагы эгерде арамдан жасалбаган болсо, балага олуттуу коркунуч болбосо, алса болот. Арамдан болбосо дегеним, Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) өз сөзүндө: “арам нерседе шыпаа болбойт” деп белгилеген”, – деди райондук баш имам-хатиб Бакыт ажы Кайкиев.