![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/09/1646183109_67-sportishka-com-p-cholpon-ata-issik-kul-turizm-krasivo-foto-74.jpg)
Бүгүн, 13-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында аялзатына багытталган казыят жана “Ислам нуру Ясин” фонду тарабынан уюштурулган семинар болду. Семинарга Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев, Өрнөк айылынын имамы Жылдызбек Сатывалдиев, Чолпон-Ата шаарынын имамы Абыл Асанов жана райондун ар кайсы айылдарынан келген айымдар катышты.
Семинарда Максат ажы үй-бүлө, ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы, адал тамак, кооз адеп-ахлак туурасында баяндама жасаса, ал эми фонддун мүдүрү Самара Бектемирова жалпы аялзатына тиешелүү маселелер туурасында сөз сүйлөдү.