Баткендеги «Муъаз ибн Жабал» медресесинде маалыматтык-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө

2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын аткаруу алкагында Баткен шаарындагы «Муъаз ибн Жабал» медресесинин мугалимдери жана студенттери катышкан атайын маалыматтык, түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Баткен облустук казыяты жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү менен биргеликте түзүлгөн иш-мерчемдин алкагында, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, бөгөт коюу максатында уюштурулду.

Жолугушууда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу баяндамалар жасалып, жаштардын диний жактан радикалдашуусунун себептери, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик-террористтик уюмдар, алардын жаштарды азгыруу методдору, тыюу салынган адабияттар, улуттар жана диндер аралык кастыкты козуткан кылмыштар жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана жаштардын кылмыштуу аракеттерге аралашуусуна жол бербөө тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

Мындай иш-чаралар КР ДИМК менен Баткен казыятынын биргелешкен иш мерчемине ылайык аймактагы бардык диний окуу жайларда өткөрүлөт.