Таласта өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өтүп, байге фонду 500 миң сомду түздү

Кечээ, 14-сентябрь күнү Талас облусунун райондорунда 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Куран жарышынын тандоо туру болуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Куран жарышында медреседе окуган балдар 5 парадан 10 парага чейин, мектеп окуучулары 1 пара, ал эми кыздар 1 парадан 3 парага чейин күч сынашты.

Райондон алдыңкы орунду ээлеген уул-кыздар 29-сентябрда Талас шаарында боло турган Куран конкурсунда ат салышмакчы.

Белгилей кетсек, Куран конкурусунун жалпы байге фонду 500 миң сомду түздү.