ИИМдин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүндө баатырларча курман болгон аскер кызматкерлери эскерилди

Кечээ, 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүндө өткөн жылдын 15-16-сентябрында баатырларча курман болгон аскер кызматкерлерин эскерүү иш-чарасы болуп өттү. 

Иш-чаранын башталышында баатырларча курман болгон улук сержант Ташбеков Ачылбек Абдибаапович, улук сержант Каныбек уулу Дурус, кенже сержант Баатырбеков Манас Батырбекович жана катардагы жоокер Абдилабеков Айбек Авлаткановичтер минуталык эскерилди. 

2022-жылдын 15-16-сентябрында баатырларча курман болгон аскер кызматчыларын эскерүү иш-чарасына Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана баатырлардын ата-энелери жана бир туугандары катышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Мекен үчүн курман болгон аскер кызматкерлеринин видео-роликтери көрсөтүлдү.