Түп районунда “Энелер жүрөгү, энелер тилеги” аттуу семинар болуп өттү

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун баш имам-хатиби Бакыт ажы Кайкиев билдиришинче, Түп айылынын маданият үйүндө КМДБ жетекчилигинин буйругу, Ысык-Көл облусунун казыятынын көмөгү жана “Ислам нуру-Ясин” коомдук кайрымдуулук фондунун демилгеси менен “Энелер жүрөгү, энелер тилеги” аттуу жыйын болуп өттү.     

Жыйынды Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Эрмекан Дюшебаева ачып берип:

“Бүгүнкү жыйындын катышуучуларына кыздар арасында тартип бузуу, суицид жана эрте куракта турмуш куруу, төрөп коюу сыяктуу окуялар канчалык аракет кылсак деле кездешип жатат. Ушул жыйын жогоруда айтылган терс көрүнүштөрдү азайтууну максат кылат”, – деди.

Бакыт ажы Кайкиев жыйынды Куран окуу менен баштап, ислам негиздерине жана салттуу динге кеңири токтолсо, фонддун мүчөлөрү район боюнча жыйналып келген айымдарга ислам дининдеги аялдарга байланыштуу баяндама жасашты. Ошондой эле үй-бүлө, кыздардын турмушка даярдык көрүүсү, адал азыктануу, аялдарга гана тиешелүү шарият маселелери жана башка кызыктуу темада талкуу өткөрүштү.

Жыйында салттуу динибизге байланыштуу суроолор берилип, жообун туура тапкандарга баалуу белектер берилди. Кээ бир энелер жана кыздар алгачкы жолу жоолук салынышып, жалпы катышуучулар зам-зам суусу менен Мекке шаарынан келген курмадан ооз тийишти.