Баткенде чек ара окуяларынын курмандыктары эскерилип, Куран окулду

Бүгүн, 15-сентябрда Баткен шаарында 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өтүп, анын алкагында “Жеңиш” паркында чек ара курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында тургузулган эстелик мемориалынын ачылышы болду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматов, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана чек ара окуяларында каза болгон жарандардын жакындары катышты.

Иш-чарага катышкан дин аалымы Абдишүкүр ажы Нарматов өткөндөр үчүн Куран окуп, өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн дуба, өсүп-өнүгүүсү үчүн тилек кылды.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын куралдуу агрессиясы орун алып, 34 кыргызстандык каза тапкан. Ал эми 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кайрадан куралдуу кол салууга кабылган Баткен жергесиндеги кырдаалда 63 адам курман болгон.