Жалал-Абадда кыргыз-тажик чек арасында Мекен үчүн курман болгон баатырлар эскерилди

Илюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунда 2022-жылдын 14-15-16-сентябрь күндөрү Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон жоокерлер эскерилип, Куран окулду.

Саамалыкка маркумдардын жакындары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, УКМКнын Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сапарбек Токтосунов, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Мекен, эл, жер үчүн өмүрүн арнаган эл уулдардын эрдиги кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталарын айткан облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков буларга токтолду: “Өткөн жылдагы каргашалуу, кандуу окуяда курман болгон баатырлар ар бир Кыргызстандыктын сыймыгы! Алардын эрдиги кийинки муун үчүн маанилүү, тарыхий үлгү болору талашсыз. Эл-жери үчүн канын, жанын аябаган эр уулдарды тарбиялап өстүргөн ата-энелер, сиздер Мекен үчүн шейит болгон баатыр уулдарыңыздардын эрдиги менен дайыма сыймыктангыла! Алардын эрдиги элдин эсинде түбөлүк сакталат,” – деп сөз сүйлөп, маркумдарга багыштап Куран окуп бата кылды.

Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышта Жалал-Абад облусунан жалпы 10 жоокер курман болгон. Алардын жакындарына мамлекет тарабынан Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир жана акчалай жардамдар көрсөтүлгөн.