Нарын облустук казыяттын кезектеги турнири Ак-Талаа жергесинде өткөрүлдү

Нарын облусунун казыятынын спорттук турнири Ак-Талаа жергесинде өткөрүлдү. Буга олбустагы бардык хатибияттар жана облустук казыяттын эмгек жамааты болуп, жалпы 6 команда катышты. Спорттук иш-чарага келген командалар спорттун кичи-футбол жана аркан тартыш оюндары бонча күч сынашты.

Алгач командалар ачылуу аземи үчүн спорттук аянтчага чогулду. Ачылышта Куран окулуп бата кылынды. Андан соң облус казысынын орун басары Кумарбек Орозалиев келген командаларга ийгилик кааалап, оюндун жүрүшүнө страт берди. Командалар бири-бири менен бет келишип, топтогон упайлары боюнча алдыңкылар аныкталды.

Упайлардын артыкчылыгы менен Жумгал хатибияты 1-орунду камсыз кылса, 2-орунду Ат-Башы командасы, ал эми 3-орунду Нарын казыяты камсыздашты. Жеңүүчүлөргө өтмө кубок менен медалдар жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Бул иш-чаранын башкы максаты – имамдардын өз ара жакындан таанышуусу жана сергек жашоого үндөө болуп саналат.   

Эскерте кете турган болсок, Нарын облустук казыяты эрте жазда облустагы райондук хатибияттар арасында спорттук мелдешти уюштурган.