Абдишүкүр ажы Нарматов баштаган дин кызматкерлери жоокерлер менен жолугушту

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, КИУ ректору Абдишүкүр ажы Нарматов баштаган дин аалымдары «Баткен, биз сени менен!» аттуу иш-чаранын алкагында 2022 жана 2053 аскер бөлүктөрүндөгү жоокерлер менен жолугушуп, Мекенди сүйүү, Мекенге кызмат кылуунун артыкчылыктары туурасында Куран аяттарынын жана хадистердин негизинде баян айтты.

Абдишүкүр ажы өз сөзүндө каза болгон жоокерлердин ата-энелерине кайрылып, сүйүктүү пайгамбарыбыздын хадистерине шилтеме жасады: «Кимде-ким өзүнүн динин коргоп өтсө ал шейит болот, кимде-ким өзүнүн каны-жанын коргоп өлсө шейит болот, кимде-ким өзүнүн бала-чакасын, намысын коргоп каза болсо шейиттердин катарында болот. Ошондуктан урматтуу ата-энелер, сиздер ботодой боздобой, «шейиттин атасымын», «шейиттин апасымын», «шейиттин өмүрлөш жарымын» деп башыңарды бийик көтөргүлө. Пайгамбарыбыз дагы бир хадисинде, «Мекенди коргоп, кароолдо уктабай таң атырган көздөрдү тозок жалмабайт», – деген. Мекендин тынчтыгын коргоп чек арада турган аскерлерибизге Аллах Таала күч-кубат, бекем ден соолук берсин деп дуба кылабыз. Аллахым алардын үй-бүлөсүнө, жашоосуна береке берсин. Жараткан Алла чек ара окуяларында каза болгон мусулман бир туугандарыбызга бейиштин төрүн насип этсин. Алла Таалам бизге жакшы күндөрдү тартуулап, түрдүү балээлерден алыс кылсын. Элибизде биримдик, жергебизде тынчтык, өсүп-өнүгүү болсун», – деди Абдишүкүр ажы Нарматов.

Ал эми Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана башка дин кызматкерлеринин катышуусунда аймактагы башка аскер бөлүктөрдүн жоокерлери менен жолугушуп, Мекенди сүйүү жана Мекенге кызмат кылуунун сооптору тууралуу баяндама жасашты.