Сайдамир ажы Жейналиев: “Мекенди сүйүү сөз менен эмес, ага кылган кызматың менен болот”

Кечээ, 15-сентябрь күнү Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят кызматкерлери Баткен облусуна барып, № 7707 аскердик бөлүгүндөгү курсанттар менен жолугушту. Анын алкагында кыргыз-тажик чек арасындагы болгон коогалаңда курман болгондор эскерилип, Куран окулду. Жолугушуунун жүрүшүндө Сайдамир ажы Мекен сакчыларына “Мекенди сүйүү – ыймандан” аттуу темада лекция окуп, Мекенди чын дилден сүйүүгө, ата-журттуу коргоо атуулдук милдет катары кароого чакырды.

“Пайгамбарыбыз (с.а.в) өз хадисинде “Мекенди сүйүү ыймандан” деп айткан. Албетте момун-мусулман болгонубуздан кийин, мекенибизди сүйүүбүз керек. Мекенди сүйүү сөз менен эмес, колуңдан келген ишиң менен жан үрөп, талыкпай кызмат кылууң. Ошондой эле душманга чеп болуп, эли-жерин коргогон сиздердей баатырлар да бул нерсени ачыктап турат”, – деди Сайдамир ажы Жейналиев.