Абдималик ажы Турсунбеков: “Күзөтчүнүн ар бир мүнөтү ибадат”

Кечээ, 16-сентябрь күнү Ош облустук казыятынын мечиттер жана үгүт-насаат адиси, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков Ош шаарындагы ички иштер минстрлигинин ички аскерлеринин 7703 аскер бөлүгүн зыярат кылды. Кызмат өтөп жаткан жоокерлер менен жолуккан ал былтыр Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында курман болгон шейиттерди эскерип, Куран окуп, дуба-тилек кылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Абдималик ажы “Мекенге кызмат кылуу” боюнча баяндама жасап, жоокерлерди Мекенге жан дил менен, ыклас менен, берилүү менен кызмат өтөөгө чакырды.

“Пайгамбарыбыздын (с.а.в) куттуу хадисинин мазмунунда, “Кыямат күнү эки түрлүү кишинин көзү тозокту көрбөйт. Биринчиси: Эли-жерин коргоо максатында түн уйкусун арнаган күзөтчү…” деп айткан. Ким өз элин, Мекенин, жерин коргоого убактысын сарптаса, миң рекет намаз окугандан да артык. Андыктан кызматыңыздар жөн эле жумуш эмес, балким ар бир саатыңыздар ибадат”, – деди Абдималик ажы Турсунбеков.