Ош шаарында чек арада каза болгондор эскерилип, Куран окутулду

Ош шаарындагы №2024 аскер бөлүгүндө Баткен окуясында каза болгон жоокерлерге Куран окутулуп, эскерүү зыйнаты болуп өттү. Эскерүүгө каза болгондордун ата-энелери жана мэрия кызматкерлери, Ош шаарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков катышты.

Шаар казысынын орун басары  Мухаммадияр кары Курбанбеков Мекен үчүн курман болгондор эч качан унутулбашын, Мекенди коргоо ар бир жарандын милдети экенин, Мекенди сүйүү ыймандан болорун айтып, Баткендеги коогалаңда шейит кеткен жоокерлердин ата-энелерине сабыр, канаат тиледи.

Казы орун басары иш-чара жүрүшүндө Куран окуп, өлкө үчүн дуба кылды.