Чүй облусунун имамдары билим деңгээлин жогорулатууда

Чүй облусунун мусулмандарынын казыятынын 2023-жылга карата иш-чараларынын планынын негизинде, имамдардын мазхабдык жана акыйдалык билимдерин жогорулатуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу максатында Аламүдүн районунун Октябрь айылындагы “Молдо Шакир” атындагы медреседе Чүй облусунун шаар жана райондорунан келген 52 имамга бир жумалык окуу курсу башталды. Имамдарга бир жума бою Куран тажвиди, хадис илими, акыйда, фикх илимдери жана имамдын адеби аттуу темараларда сабактар өтүлөт.

“Бизге жашообуздагы эң жакшы үлгү бул пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в). Аллах Таала пайгамбарыбызга “Оо Эгем, илимимди арттыр!” – деп буюрган. Мындан улам биз Жаратуучудан илим-билимибизди арттырууну сурап, дайыма өсүүнүн аракетинде болуубуз кажет. Азыркы учурда түрдүү туура эмес багыттар пайда болуп жатканына байланыштуу биз ханафи мазхабын, матуриди акыйдасын бекем тутунуп, жалпы элге туура динди жеткирүүбүз зарыл. Сиздерге эл ар кандай маселелерде кайрылып турушат. Ушундан улам сиздер эң билимдүү диний адис болууңуздар зарыл. Аллах Таала баарыбызга ийгилик берип, өлкөбүзгө тынчтык, аманчылык насип кылсын”, – деп белгиледи облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.

Белгилей кетсек, жалпы облустун аймагындагы имамдарга ушундай окуу курстар келерки айда да уюштуруу пландалууда.