Азирети Муфтий жана Абдишүкүр ажы Нарматов Нарын шаарынын жашоочулары менен жолугушту

Кечээ, 19-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев жана Кыргызстан Ислам университетинин ректору, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов Нарын шаарынын Борбордук мечитинде эл менен жолугушту. Жолугушууда ысырапкорчулуктун кесепеттери, ынтымактын пазилети, ыйман баалуулуктары жөнүндө лекция окулду. Азирети Муфтий өз сөзүндө ысырапкерчиликте кайыр-жакшылык жок экенине токтолуп, элди ыксыз чыгым менен жалпылап күрөшүүгө чакырса, Абдишүкүр ажы Нарматов ислам баалуулуктары боюнча кеңири лекция окуду.

Белгилей кетсек, эртең 20-сентябрь күнү Азирети Муфтий баштаган дин ишмерлери Нарын облустук драма театрында шаардыктар менен жолугушуу өткөрүүдө.