Агартуу кербени: Азирети Муфтий баштаган аалымдардын Нарынга жасаган ынтымак сапары жыйынтыкталды

Бүгүн, 20-сентябрь күнү Нарын облустук драм театрында КР  Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, КР ДИМК директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Кыргызстан Ислам университетинин ректору, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов баштаган аалымдар шаардыктар менен жолугушту.

Жыйналышта КР ДИМК директору Тойгонбай Абдыкаров КР Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгы, 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты жана “Улуттук нарк жөнүндө” Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциялары боюнча кыскача айтып, бул багытта аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Ал эми Азирети Муфтий Замир кары Ракиев жана дин аалымы Абдишүкүр ажы Нарматов салттуу ислам баалуулуктары жана ысырапкорчулуктун кесепеттери жөнүндө кеңири баяндама жасашты.

Иш-чаранын жыйынтыктоо бөлүгүндө исламга ак дилден кызмат кылып келе жаткан бир катар имамдар муфтияттын Ыраазычылык каты менен сыйланды.

Агартуу кербениндеги Муфтият кызматкерлери жана облус казылары Нарын шаарындагы чек ара бөлүгү, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, Нарын ОИИБ, Нарын педагогикалык коллежи, №87 Нарын кесиптик лицейи жана Нарын балдар медресеси мекемелерин зыярат кылып, ысырапкорчулуктун кесепети, салттуу ислам баалуулуктары, адашкан агымдар, илим-билимдин пазилети, Мекенди сүйүү, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, аялзатын аздектөө, эл-журтка кызмат кылуу темаларда лекцияларды окушту.

Белгилей кетсек, бул саамалык КР ДИМК менен биргеликте  өткөрүлдү.