Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкө аймагындагы  дин кызматкерлерин саясий иштерге аралашпоону, мечит-медреселерде шайлоонун үгүт иштерин жүргүзбөөнү, ар кандай провокациялык иш-чараларга жана митингдерге катышпоону  эскертет (Буйрук №224 / 25.10.2021).

Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү мыйзамга ылайык дин кызматкерлери саясатка аралашып, үгүт ишин жүргүзө албайт.  Муну менен катар ар кандай саясий топтордун куралына айланып, үгүт иштерине же митингдерге катышса олуттуу чаралар көрүлөт.

Дин Башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ички иликтөөнүн натыйжасында  саясий иштерге аралашкан дин кызматкери аныкталып, ээлеген кызматынан бошотулуп, эскертүү берилди.