Лейлектеги «Таир» медресесине кошумча корпус курулду

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылындагы «Таир» атындагы ислам медресесине кошумча жаңы корпустун ачылыш аземи болду. Ага Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Канымет Осмонбеков, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров баштаган дин кызматкерлери жана айыл эли катышты. 

Иш-чарага катышкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери жана келген коноктор медресе кыргыз элине ыймандуу жаштарды тарбиялоочу окуу жай болушун тилеп, медресе келечегине жакшы каалоо-тилектерин билдиришти. 

Эки кабаттуу, 16 бөлмөлүү курулган бул медресе айылдын 1981-жылкы жигиттеринин демилгеси жана элдик ашар менен жүзөгө ашырылды. 

Иш-чарада ушул медресени курууга демилге көтөрүп, демөөрчүлүк кылган 1981-жылкы жигиттерге, демилгени колдоп салым кошкон атуулдарга Баткен облусунун казысы тарабынан Ардак грамоталар жана Ыраазычылык каттар тапшырылды.