Алайда мектеп окуучуларына зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча лекциялар өтүлүүдө

Кечээ, 20-сентябрда Алай районунун Гүлчө айылында окуучуларга экстремизм-терроризм жана зордук-зомбулукту алдын алуу, ошондой эле өзүн-өзү өлтүрүүнүн (суицид) кесепети боюнча лекциялар уюштурулуп, профилактикалык сабактар уюштурулду.

Иш-пландын алкагында Алай райондук хатибияты Алай РИИБи менен биргеликте Тапык Отунчиев атындагы №2 мектеп-гимназиясында жана Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернатында профилактикалык сабактарды өткөрдү.

Жыйынга Алай райондук хатибиятынын жооптуу катчысы Эмирлан кары Бообеков, Алай райондук хатибиятынын кызматкери Жыргал ажы Камбаров, укук коргоо кызматкерлери жана милициянын аймактык өкүлдөрү катышты.