Чүйдүн имамдары бир жумалык окуу курсун аяктап, сертификаттарга ээ болду

Чүй облусунун мусулмандарынын казыятынын 2023-жылга карата иш-чараларынын  планынын негизинде, имамдардын мазхабдык жана акыйдалык билимдерин жогорулатуу жана алардын квалификацияларын көтөрүү максатында Аламүдүн районунун Октябрь айылындагы «Молдо Шакир» атындагы медреседе бир жума мурда башталган окуу курсу жыйнтыкталып, имамдарга сертификаттар тапшырылды.

«Аллах Таалага чексиз мактоолор болсун, баштаган ишибизди аягына чыктык. Мына эми алган илим, тажрыйбаңыздар менен дин үчүн, эл үчүн кызмат өтөңүздөр. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) куттуу хадисинде мындай деп айтылган: Абу Хурайра (р.а.) Аллахтын Элчисинин (с.а.в.) мындай дегенин кабарлайт: «Адам өлгөндө анын үч амалынан башка бардык амалдары(нан келүүчү сооптор) токтотулат: үзгүлтүксүз берилүүчү садакасы, артында калтырган (исламий) пайдалуу илим, ата-энеси(нин кечирилиши) үчүн Аллахка кайрылып дуба кылар такыба перзенти» (Муслим). Хадистен маалым болгондой, эл үчүн пайдалуу илим жеткирип кызмат кылуу бул – адам көзү өтүп кетсе да  тынымсыз сообу жетип туруучу амалдан. Мына ошондуктан бизде чоң мүмкүнчүлүк болуп турганда, алган  илим-билимибизди элге жеткирели. Аллах Таала баарыбызга ийгилик берип, алган илимибизге амал кылуучулардан кылсын», – деди облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.