Азирети Муфтий «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун директорун кабыл алды

Бүгүн, 26-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун директору, доктор Мухаммад Каримди кабыл алды.

Жолугушууда тараптар ислам маданияты, илим-билим, кайрымдуулук жараянын жаюу ж.б. темаларда пикир алышып, бир туугандык достукту мындан ары да өркүндөтүүгө багытталган жалпы долбоорлорду талкуулашты.