Араб тили окутуучулары педагогикалык билимдерин өркүндөтө баштады

Бүгүн, 26-сентябрь күнү КМДБнын жыйындар залында Муфтият жана «Ассанабил» кайрымдуулук фонду тарабынан диний окуу жайлардын араб тили мугалимдерине педагогикалык жана методологиялык билимдерди өркүндөтүүгө багытталган окуу семинары башталды.

Семинардын ачылышында сөз сүйлөгөн Азирети Муфтий Замир кары Ракиев устаздар ар тараптуу болушу керектигин белгилеп, илим алуунун эрте-кечи жок экенине токтолду:

«Эстеп көрсөм биз ушундай аудиторияларда акыркы жолу 15 жыл илгери окуппуз. Билим алууну кадимкидей сагынабыз. Азыр да сиздер менен отуруп, мындагы устаздардын илиминен пайдаланып, 15 жыл илгерки билимибизди кайталап чыккыбыз келет. Бирок билесиздер, бизде жумуш абдан көп. Ушул жерде отурган сиздер бактылуусуздар. Анткени илим талап кылуунун өзү бакыт. Кудай насип кылып, дүйнөнү дүңгүрөткөн аалымдарды тарбиялап чыгышыңыздарга тилектешмин».

Ал эми Аалымдар Кеңешинин илим-билим комитетинин төрагасы Абдуваси ажы Матраимов Кыргызстандагы диний билим берүү системасына токтолуп, тармактын өнүгүү жолунда баратканын белгиледи.

Бүгүн башталган педагогикалык семинарга Бишкек шаары жана Чүй облусунун мугалимдери катышууда. Сабакты дин аалымдары Абдиваси ажы Матраимов, Жоробай ажы Шергазиев, Равшан ажы Эратов, доктор Саид Иззат баштаган окутуучулар өтүүдө. Өлкөнүн башка аймактарындагы мугалимдер үчүн өтүлчү окуу курсу үстүбүздөгү жылдын октябрь айы ичи уюштуруу мерчемделген.

Белгилей кетсек, буга чейин Аалымдар Кеңешинин №1 токтомунун негизинде, КМДБнын диний окуу жайлар жана диний билим берүү бөлүмү тарабынан өлкөдөгү ДОЖдордун акыйда мугалимдерине матуридилик акыйдасы боюнча бир жумалык семинар өткөрүлгөн.