Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү Ысык-Көл облусунда салттуу ислам тууралуу сабак өтүштү

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басарлары Фархат ажы Юсупов, Кенжетай ажы Курманкожоев, АК мүчөлөрү Мирзат ажы Барпыбеков жана Эмилбек Андартегин Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына облус казысы Алмазбек ажы Сагындыковдун чакыруусунун негизинде иш сапар менен барышты.

Сапар алкагында аалымдар К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жана И.Бийбосунов атындагы педагогикалык окуу жайындагы студенттерге, Ленин атындагы №1 мектебинде жогорку класстын окуучуларына салттуу ислам дини, адашкан агымдар, ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы тууралуу сабактарды өтүштү.

Ошондой эле Фархат ажы Юсупов “Мухтарулло” мечитинде, Кенжетай ажы Курманкожоев Каракол шаарындагы “Яхья Умар ал-Филалий” борбордук мечитинде, Эмилбек ажы Андартегин Ак-Суу районунун Бозучук айылында, Мирзат ажы Барпыбеков Сары-Камыш айылында жергиликтүү эл менен жолугушуп, баян айтышты.

Баяндарда Орто Азияда салттуу болуп келген ханафи мазхабын, матуриди акыйдасын кармануу керектиги, мамлекетибизде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний уюмдар жана жалпы туура эмес түшүнүктөр, ишенимдер жөнүндө элге пайдалуу маалыматтар айтылды.

“Бул жолку Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнүн сапары буюрса жемиштүү болду. Сабактарга катышкан окуучулар, студенттер өздөрүнүн суроолоруна так жоопторду ала алышты. Жемиштүү дегеним, мугалимдер да кызыгышып, дагы ушундай окутуулар уюштурулсун деп суранып калышты. Аалымдарыбыз элибиздин жана облусубуздун өсүп-өнүгүүсүн Жараткандан тилеп, дуба кылып кайтышты. Чакырыгыбызга жооп кылып келип берген устаздарга ыраазычылыбызды билдиребиз. Алла Таала тилеген тилектерин орундатып, илимдерине жана өмүрлөрүнө берекесин берсин”, – деп билдирди облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.