Сайдамир ажы Жейналиев: «Ынтымак бар жерде береке болот»

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят аппараты Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Шаңкол айылында тургундар менен жолугушту. Аталган жолугушуга КР ДИМК ТАБ башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков жана райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев катышты.

Жолугушунун жүрүшүндө облус казысы “Улут жана уруулар аралык ынтымак” жана “илим алуунун пазилети” боюнча сөз сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду:

“Кадырман элибиз даанышмандык менен “Ырыс алды ынтымак” деп бекеринен айткан эмес. Албетте ынтымак болгон жерде ырашкерлик, береке, тынчтык жана ийгиликтер болот. Бир эл, бир журт болгонубуздан кийин бири-бирибизге жардамдашып, жакшылыкта көмөкчү, жамандыктан кайтаруучу болсок Кудай Тааланын назары түшүп, журтубуз берекеге толот. Ошондуктан ар бир кыймыл-арекетибизде ытымакка олуттуу карап, көңүл буруубуз зарыл. Ынтымак себебинен бул аймактардан атагы алыска кеткен аалымдар чыккан. Азыркы күнгө чейин Ноокат эли ынтымактын күзгүсү жана үлгүсү болуп келет”.

Жолугушуу соңунда облус казысы өлкөбүздүн тынчтыгын, журтубуздун ынтымагын тилеп дуба кылды.