Кара-Кулжа: Кара-Жыгач айылында жаңы мечит курулуп, колдонууга берилди

Ош облусунун Кара-Кулжа районун караштуу Карагуз айыл өкмөтүндөгү Кара-Жыгач (Тушунук) айылында жаңы заманбап, бардык шарттары бар “Абдали уулу Искендер-Ата” аталышында жаңы мечит курулуп, салтанаттуу ачылышы аземи болуп өттү. Ачылышка Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев, “Имам Аль-Бухарий” ислам институтунун ректору Абдирахман ажы Атабаев, жергиликтүү демөөрчүлөр жана тургундар катышты.

Аземде Карагуз айыл өкмөтүнүн башчысы Дагыбек Мамишов демөөрчүүлөргө жана салым кошкон жергиликтүү элге ыраазычылык айтып, мечиттин мындан ары өсүп келе жаткан жаш муунга туура жол көрсөтүүчү таалим-тарбия очогу болушун тилесе, казы орун басары буларга токтолду:

“Пайгамбарыбыз (с.а.в) өзүнүн кутту хадисинде: “Ким Алла үчүн мечит курса, Алла Таала ал үчүн бейште хан сарай курат”. Башка бир хадистин маанисинде: “Ким чымчыктын үйүнчө болсода мечит курса, ага Кудай Таала Бейиштен үй курат” деп айтылган. Ошондуктан ким ушул мечиттин курулушуна кыпындай салым кошкон болсо, ал үчүн сөзсүз сооп алат. Анткени Алла Таала Зилзала сүрөсүнүн 7-8-аяттарында: “Ким кыпындай жакшылык кылса, анын сообун, ал эми ким кыпындай жамандык кылса, анын жазасын алат” деп айткан. Биз чын жүрөктөн ишенип, сүйнчүлөп айтабыз, анткени кыпындай жакшылыкка дагы сооп алабыз”, – деди Алибек ажы Жусупов.

Ачылыш аземде Абдирахман кары Атабаев мечит куруунун сооптору жана ошол аймактан чыккан көрүнүктүү аалымдар боюнча сөз сүйлөп, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, аталган мечиттин 200 жыл тарыхы бар экени, тээ совет доорунда айланасында устаканалар жайгашып, мечит экени билинбестен сакталып калганы айтылды. Мечитти эң алгач курган жана ошол жерде элге акыл-насаат айтып, имамдык кылган Искендер Атанын аты ыйгарылды.