Азирети Муфтий Дагестан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан келген делегацияны кабыл алды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Дагестан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан келген делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди бекемдөө, салттуу диндик жана боордоштук мамилелерди чыңдоо, ошондой эле тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышты.

«Дин башкармалыктар ортосундагы алакабыз мындан ары да бекем болуп, кызматташтыгыбыз бекемдей берсин. Биз ар тараптуу иш алып барууга дайыма даярбыз», – деди Азирети Муфтий.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи менен жолугушууга Дагестан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Борбордук Азиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Каспийск шаарынын Имамдар кеңешинин төрагасы Мурад Исмаилов, Махачкала шаарындагы «Жума» мечитинин имамы Мухаммадхабиб Гусейнов, Дагестан Республикасынын Кумторкалинский районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Али Магомедов жана Кыргыз Республикасындагы «Садака» Дагестан элдеринин ассоциациясы» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты.