Алай: Терек айылында жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилди

Ош облусуна караштуу Алай районунун А. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Терек айылында жаңы курулган мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылышка Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев, Ош облустук казыятынын мечиттер жана үгүт-насаат адиси, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, Алай районунун баш имам-хатиби Тиллабай ажы Кадыров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин аалымдары, алыс-жакындан келген коноктор жана айыл тургундары катышты.

Салтанаттуу маараке Ыйык Куран окуу менен башталды.

Аземдин жүрүшүндө Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев: «Мечит – Алланын үйү. Кайсыл жерде Алланын үйү болсо, ал жерге Кудай Тааланын рахматы, берекеси, тынчтыгы жаайт. Бул мечиттин ачылышы Сүйүктүү Мухаммад (с.а.в.) пайгамбарыбыздын төрөлгөн айына туш болушу да жөн жерден эмес. Айыл эли 5 убак намазын окуган, Ыйык Куран жана Сүйүктүү Мухаммад (с.а.в.) пайгамбарыбыздын сүннөттөрү үйрөтүлгөн куттуу мечит болсун», – деп сүйлөдү өз куттуктоосунда. 

Салтанаттуу иш-чарада бир катар аалымдар сөз сүйлөп, жалпы катышуучулар мамлекеттин бүтүндүгүн, эл биримдигин, Мекен тынчтыгын сурап, кол көтөрүп дуба-тилек кылышты.