Кашка-Сууда жаңы мечит ачылып, күбөлүгү тапшырылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Айбек айылында жаңы мечит салынып, пайдаланууга берилди. Мечиттин ачылышына Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Замир Сыдыков, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери, айыл аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Облус казысы жалпы Айбек айылынын тургундарын жаңы мечиттүү болушу менен куттуктап, “Кыргызстан жаратылышы жагынан кооз, табияты сулуу жана көркөмдүгү менен айырмаланат. Аксы району мына ушундай кооздукка бөлөнгөн аймак экендиги талашсыз. Өлкө башчыбыз баш болуп Кыргызстан туризмдин өлкөсү экенин, туристтерге шарт түзүү ар бирибиздин милдетибиз деп айтып келет. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы да бул приоритетке ылайык жаңы курулган мечиттерде бардык шарттардын болушун талап кылат. Ага ылайык жаңы курулган ушул мечитте да бардык шарттар каралып, заманбап болуп салынды”, – деп билдирди.

Айыл тургундарынын көп жылдык каалоосу аткарылганын билдирген Аксы районунун баш имам-хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков буларга токтолду: “Бул айылда бир да мечит жок болчу. Мечитти курууда, каржы булактарын табууда жакындан колдоо көрсөткөн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Жоробаевичке, облус казысы Нематула ажыга жана демөөрчү Мухаммад Амин Ташкандиге Аксы элинин атынан ыраазычылык айтабыз”. 

Эске салсак, буга чейин Кашка-Суу айыл өкмөтүндө 11 мечит бар болчу. Жаңы курулган мечит 12-мечит болуп катталып, күбөлүгү берилди.